Бишкек шаарынын мэри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Мэр КЭРдин өкүлү менен Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу долбоорун талкуулады
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Жолугушууда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу долбоору жана борбор калааны санариптештирүү маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз