Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишимден баш тарттык

Министрлер кабинетинин башчысы эки аэропортту тең эки жылдын ичинде толук модернизациялай турган бардык инвесторлор менен бийлик кызматташууга даяр экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунун айланасында түзүлгөн кырдаалга комментарий берди.

«Биз «Манас» жана «Ош» аэропорттору боюнча келишим Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына толук жооп бербегендиктен баш тарттык. Албетте, ар бир инвестор максималдуу пайда алууну каалайт, бирок биз мүмкүн болушунча элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алышыбыз керек.

Эки аэропортту тең эки жылдын ичинде толук модернизациялай турган бардык инвесторлор менен кызматташууга даярбыз. Биздин аба портторубуз дүйнөлүк стандартка ылайык ийгиликтүү иштеп, мамлекеттин кызыкчылыгына жана коопсуздугуна толук жооп бериши биз үчүн маанилүү. Бул долбоорду өзүбүздүн каражатыбызга ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн да карап жатабыз. Бул дагы көп убакытты талап кылат», - деди ал.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх