Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМи АКШ элчилигинин өкүлү менен Интерполдун каналдары аркылуу кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулады

Ошондой эле Кыргызстандын милиция кызматкерлери үчүн кесиптик окууларды жана семинарларды уюштуруу пландалууда

2022-жылдын 13-июлунда ИИМдин имаратында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков, ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун начальниги Нурлан Сагыналиев АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин коопсуздук боюнча аймактык кеңешчиси Эрик Олеруд жана Элчиликтин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Интерполдун каналдары аркылуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик окууларды, семинарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине ИИОнун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана Интерполдун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен  “Терминус” долбоорунун алкагында серверди чыңдоого багытталган иш-аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, эл аралык кылмыштуулуктун жаңы чакырыктарына каршы турууда мындан аркы эффективдүү кызматташууга ишенимин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.
Жолугушуу   өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх