Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рафаэль Физиевдин мурду сынгандыктан, мушташтарга катышууну убактылуу токтотот

Алдын ала маалыматтарга караганда, аралаш мушташ боюнча мушкер ноябрда же декабрда октагонго кайтып келет

Аралаш мушташ боюнча мушкер Рафаэль Физиевдин мурду сынып калгандыктан, мелдештен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу  MMA Fighting билдирди.

Маалым болгондой, спортчу аралаш мушташ боюнча UFC Vegas 58 турниринде бразилиялык мушкер Рафаэль дос Анжос менен болгон беттеште сынган.
Маалыматка ылайык, Физиев быйылкы жылдын ноябрь же декабрынан эрте эмес октагонго кайтып келет.

Эске салсак, Рафаэль Физиев бразилиялык Рафаэль дос Анжосту нокаут кылган. Бул америкалык промоушендикти ал алтынчы жолу утуп алуусу.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх