Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Өнүккөн өлкөлөр деле калкын 100% үй менен камсыз кыла алган эмес

Президент мамлекеттик органдарга социалдык үйлөрдү куруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишти күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен комплекстүү ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.

»Үстүндө үйү бар адамдын дүйнөсү түгөл» деген накыл кеп бар.

Кыргызстанда жыл сайын 30 миңден 50 миңге чейин жаштар баш кошушат. Үйгө болгон муктаждык чоң.

Албетте, өнүккөн өлкөлөр деле элин 100% үй менен камсыз кылып жибере алган эмес.

Бирок биз бул багытта, айрыкча социалдык үйлөрдү салуу жаатында чечкиндүү иштерди улантышыбыз, күчөтүш керек.

Жергиликтүү бийлик менен комплекстүү иштерди баштоого Экономика министрлигинен, Финансы министрлигинен, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан ж. б. бардык кызыкдар тараптардан сунуштарды күтөм», — деди Мамлекет башчысы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин баяндамасын угуп.


Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх