Лейлек районунда милиция кызматкери өзүнүн үйүнө мыйзамсыз чет элдиктерди жайгаштырды (фото)
Тартип бузгандардын мыйзамсыз жашап, иштөөсүнө шарт түзүп берген
УКМКнын кызматкерлери Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин бири У.Ж.Н.нын үйүн тинтүүнүн натыйжасында. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.
Өз кезегинде кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна У.Ж.Н. жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттар түзүлгөн.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www