­
Кыргызстандыктар кайрадан COVID-19га каршы эмдөөгө чакырышты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар кайрадан COVID-19га каршы эмдөөгө чакырышты

AstraZeneca, Sputnik-Light, Moderna, Pfizer вакциналары түгөндү

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-июлга карата борбордо коронавирустук инфекция жана коомчулуктан пайда болгон пневмония боюнча жаңы катталган учурлардын саны 76 учурду түздү. Алардын 95%ы жеңил формада, бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Калкка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында 118 чалуу борборунун иши күчөтүлгөн.

118 ишеним телефону борбор калаанын калкына төмөнкү оорулар боюнча консультациялык жардам көрсөтөт: COVID19

Мындан тышкары, жарандарды коргоо жана калкты эмдөө менен камтууну жогорулатуу максатында Бишкек шаарында 70 убактылуу эмдөө пункттары иштейт, анын ичинде:

- 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 9 түзүмдүк бөлүм жана 6 филиал;
- студенттердин шаардык поликлиникасы;
- спорттук-реабилитациялык борбор;
- Темир жол башкармалыгынын поликлиникасы;
- ГУКБУДПиПКР (атайын клиника);
- Кыргыз-Түрк ооруканасы;
- 11 жеке медициналык борбор;
- 9 билим берүү уюму;
- 20 медициналык амбулатория;

Бүгүнкү күнгө чейин, каалагандар SinoPfarm вакцинасы менен аталган убактылуу эмдөө пункттарынын бардыгынан эмдөөгө болот. AstraZeneca, Sputnik-Light, Moderna, Pfizer вакциналары жок.

15-июлга карата жалпысынан 195488 адам биринчи дозасы менен, 163995 адам экинчи дозасы менен, 23044 адам кошумча дозасы менен эмдөөдөн өткөн.

Урматтуу жарандар! Сизден сактык чараларын көрүп, өз алдынча дарыланбаңыз жана эң негизгиси COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Эмдөө - бул вирус менен күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх