Британиянын “Бритиш Экспертиз” бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
КРнын Элчиси ошондой эле британ компанияларын биздин өлкөгө келип кетүүгө чакырды
Бир күн мурун, 14-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Джусупов британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун жана консалтингдин өкүлдөрү катышкан «British Expertise» британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү.
Джусупов белгилегендей, Улуу Британия менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болуп саналат, анткени ал Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү болуп саналат.
Британдык ишкер чөйрөлөргө өз ара кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, гидроэнергетика, айыл чарба, өнөр жай ж.б.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен түрдүү тармактарда кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Тараптар мындан ары да кызматташууну макулдашты.
Кыргыз Республикасынын Элчиси ошондой эле британ компанияларын Кыргызстанга келип, өлкө менен таанышууга жана потенциалдуу кыргызстандык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө чакырды.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www