Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыргызстандын делегациясы Гренобль жана Париж шаарларында Европанын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууда

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият, экология, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу жана шаар деңгээлинде экологиялык маселелерди чечүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эске салсак, Бишкек делегациясы Гренобль жана Париж шаарларында бир катар расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Максаты – шаарларды туруктуу өнүктүрүү жана атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча Европанын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх