Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров район, шаар мэрияларынын өкүлдөрүнө атайын техниканын ачкычын тапшырды

Жакынкы жылдарда бардык аймактар ​​мындай машиналар менен камсыз болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө катуу тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Жапаров экологияны сыйлоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн биринчилерден болуп бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар ​​камсыздалат», - деди ал.

Белгилей кетсек, жабдыктар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх