КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Масктын компаниясы менен кызматташууга ниеттенүүдө
Ал эми Huawei жакында Кыргызстанда 5Gди сынай баштайт
Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс үчүн SpaceX менен кызматташуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Талантбек Иманов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө бардык операторлор менен байланыштын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда.
«Ошондой эле биз Huawei менен жаңы 5G технологиясын сынап көрүүгө даярдык көрдүк. Пилоттук долбоор 1-августтан тарта иштей баштайт», - деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдарда кагаз жүгүртүүнү толугу менен жоюп, мамлекеттик кызматтарды толугу менен автоматташтырууга ниеттенүүдө.
Тактоо үчүн, Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — космостук технологияларды чыгарган америкалык компания. SpaceX 2002-жылы Марсты колониялоо үчүн ракета жасоону көздөгөн Илон Маск тарабынан негизделген.
Сүрөт www