Казакстандан келген гуманитардык жардам кыргызстандык дыйкандарга 42 миллион сомго сатылды
Айыл чарба министрлигинин башчысынын айтымында, сатуунун себеби «бардык дыйкандарга бирдей шарт түзүү» болуп саналат
Казакстандан келген үрөн түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргызстандын дыйкандарына сатылды. Сатуу тууралуу маалыматты Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында ырастап, чиновник коомдук активист Атай Бейшенбектин суроосуна жооп берди.
- Чынында эле казактын үрөнү сатылган, - дейт чиновник. - Гуманитардык жардамдын көлөмү 1000 тоннаны түздү. Кыргызстанда 450 миң дыйкан бар. Бул жардамдын баары жетишсиз болмок. Ошондуктан бардык дыйкандарга бирдей шарт түзүү максатында бул үрөндөр башкалар менен кошо 42 сомдон сатылган.
Жалпысынан Жаныбековдун айтымында, быйыл Кыргызстанга Орусия, Өзбекстан жана Казакстандан 24 тонна ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү алынып келинген.
Сүрөт www