Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1-сентябрдан тарта Бишкек жана Ош шаарларындагы 34 мектепте Орусиядан келген мугалимдер сабак берет (фото)

Жалпысынан гуманитардык жана табигый сабактар ​​боюнча 70тен ашык орус мугалими иштеши пландаштырылууда

1-сентябрдан тарта Бишкек жана Ош шаарларындагы 34 мектепте Орусиядан келген мугалимдер сабак бере баштайт. Бул тууралуу маалымат Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин сайтында пайда болду.


- Кыргызстан 2019-жылдан бери “Чет өлкөдөгү орус мугалими” программасына катышып келет, деп билдирди долбоордун уюштуруучулары. – 2019-2020-жылдары Ош шаарында жайгашкан мектептерде иштер жүргүзүлдү. Мугалимдер 20 окуу жайда  орус тили жана адабияты, математика, физика жана башка предметтер боюнча орус тилинде сабак беришкен. Алар башталгыч мектепте да иштешкен. Жакшы натыйжаларга жетишилди, ошондуктан долбоорду кеңейтүүнү чечтик. 1-сентябрдан тарта Бишкекке дагы 14 жаңы мектеп кошулат. Жалпысынан 70тен ашык адис тартылат.


Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан россиялык «Чет жердеги орус мугалими» гуманитардык долбооруна катышкан экинчи өлкө болуп, мектеп окуучуларына орус тилинде сабак өтүү үчүн предметтик мугалимдерди штаттарга жөнөттү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх