Чүй облусунда 10 гектар айыл чарба жери күйүп кетти
Өрт оруп-жыюу маалында башталган
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 10 гектар аянт күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ведомствонун айтымында, өрт оруп-жыюу маалында чыккан. Дыйкандар талаанын жарымын чаап алууга жетишти.
Өрттү өчүрүүгө 3 бригада тартылган. Жабыркагандар болгон жок. Өрт чыгышын себеби азыр иликтөөдө.
Эске сала кетсек, буга чейин синоптиктер Кыргызстанда аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы болорун эскерткен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз