Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдурахман Муртазалиев Дүйнөлүк оюндардын жеңүүчүсү болду

Спортчу дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен турнирге жолдомо алды

Машыктыруучу – мушташ боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жиу-житсу бөлүмүнүн окутуучусу Абдурахман Муртазалиев АКШда өткөн Дүйнөлүк оюндарда күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Спортчу дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен турнирге жолдомо алды.

Дүйнөлүк оюндар 10-июлдан 15-июлга чейин Бирмингемде (Алабама, АКШ) өттү.

Абдурахман Муртазалиев үчүн бул оюндар карьерасындагы экинчи оюндар болду. Ал буга чейин 2017-жылы Дүйнөлүк оюндарга катышкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх