Бишкекте мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Жер Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Мухтар Арапбаевге таандык
Ал мурдагы депутат Азамат Арапбаевдин бир тууган агасы. Иш сотко өтөт
Бишкек шаары боюнча шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан Экономика жана соода министрлигинин буйругунун негизинде И.П.Арапбаев М.А.га Севастопольск 6 дарегиндеги объектиге текшерүү жүргүзгөн. . Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
«ГУАСК Nova Grand турак жай имаратынын курулушуна байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет: куруучунун А блогуна уруксаты бар. «Б» блогу боюнча башкармалык тарабынан объект «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамды бузуу менен уруксатсыз курулуп жаткандыгы аныкталган», - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Маалым болгондой, учурда мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарылып, мыйзамга ылайык, айып пул салуу менен протокол түзүлүп, иш андан ары укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет. Маалымат үчүн: жер тилкесинин ээси Арапбаев Мухтар Абдуллажанович.
Мамкурулуш куруучуларды Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарын сактоого чакырат. Бишкектеги ГУАСК мыйзамсыз курулуш фактыларына бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда.
Белгилей кетсек, Мухтар Арапбаев буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри болгон. Ал Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаевдин бир тууган агасы.
Сүрөт www