Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди (фото)
Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Президенттин басма сөз кызматы
Фото президенттин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз