Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан жана Өзбекстан менен чектеш бекеттердеги абал

Жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн топтолушу циклдик мүнөзгө ээ экенин УКМКнын ПКсы белгиледи

Акыркы убакта COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышына, туристтик сезондун башталышына жана айыл чарба продукциясынын экспортунун көбөйүшүнө байланыштуу айрым өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да ташуулардын көбөйүшү байкалган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
     
Жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн топтолушу циклдик. Алсак, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Жол – автожол”, “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок-унаа жолу” өткөрүү пункттарында эртең менен жана кечинде жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын көп агымы байкалууда. Дем алыш күндөрү, ошондой эле жуманын башында.
     
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде “Достук-автодорожный” постунда дем алыш жана базар күндөрүндө (Кара-Суу базарында дүң соода болгон күндөрү) жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн.
     
Өткөрүү пунктунун аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине (өткөрүү пунктунун объекттерин реконструкциялоо) карабастан, «Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун өздүк курамы чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткарып жатышат.
     
Мисалы, 19-июлдан 20-июлга чейин гана мамлекеттик чек араны өткөрүү пункту аркылуу 18 миңден ашык адам өткөн, бирок иш жүзүндөгү өткөрүү мүмкүнчүлүгү суткасына 14 миң 400 адамды түзгөн. «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 22 паспорттук текшерүүчү кабина күнү-түнү иштейт.
     
УКМК өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө: профилактикалык-түшүндүрүү иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну башка өткөрүү пункттарына багыттоо боюнча маалымат иштери жүргүзүлүүдө.
     
УКМКнын маалымат жана байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх