Кадамжайда сегиз жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды (фото)
Шектүү ИИМге киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат
Кадамжайда сегиз жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылды.
«Кармалган 1971-жылы туулган Х.А., Ош облусунун Ноокат районунун Гүлистан айылынын тургуну», - деп билдирди басма сөз кызматы. – 2014-жылы Ормош айылында наабайканада иштеп, ошол жерден наабайкананын ээсин бычактап, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Бул факты боюнча кылмышка шектүү издөөгө салынып, сегиз жылдан кийин үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Сүлүктү шаарынан кармалган. Учурда адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ислам Жолдошов
Сүрөт Баткен облустук ИИБнын басма сөз кызматы