Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургда өткөн VKfest музыкалык фестивалында кыргызстандык рэперлер өнөр көрсөтүштү

Музыканттар open-air форматта «Время правды» альбомундагы чыгармаларын тартуулашты

“Holden” чыгармачыл дуэтинин алдында эмгектенген кыргызстандык рэперлер VKfest эл аралык музыкалык фестивалында өнөр көрсөтүштү. Бул тууралуу музыканттар Instagram баракчасына жарыялашты.

«Время правды» альбомунун тректери Санкт-Петербургда КМШдагы эң ири фестивалда аткаруу үчүн тандалып алынган», — деп жазышкан аткаруучулар өз аккаунтунда. "Биз өлкөбүздүн атынан чыкканыбызга сыймыктанабыз!"

Тактап айтканда, VKfest – бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң белгилүү жана популярдуу музыка аткаруучуларынын катышуусунда жыл сайын Санкт-Петербургда өтүүчү open-air форматта эл аралык музыка фестивалы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх