Маданият министрлиги фейк боюнча мыйзамдын аткарылышын билбейт
Буга чейин департаментке бир арыз келип түшкөн
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине социалдык түйүндөрдөгү жарыя боюнча биринчи арыз түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди
Аткаминерлердин айтымында, арыз «Такталбаган жана жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде келип түшкөн, бирок ага жооп берүү механизми азырынча жок.
«Социалдык тармактарда фейк тууралуу билдирүүнү каалаган жарандар биздин министрликке арыз жазса болот, биз аны санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтөбүз. Ырас, азырынча басылманы өчүрүү механизми жок, аны техникалык жактан кантип жасоону билбейбиз. Механизми такталып жатат», - деп жыйынтыктады ал
Сүрөт www