Чок-Талдагы 6,5 миллион сомдук мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
10 гектардан ашык жер жеке адамга мыйзамсыз өтүп кеткен
Прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик мүлктүн жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, 2015-жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Чок-Тал айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 10 гектар жер тилкеси жеке жактын менчиги деп табылган жана "Кадастр" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик акт түзүп, кийин жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде үчүнчү жакка өткөн.
Жогорудагы соттун чечимине Ысык-Көл облусунун прокуратурасы апелляциялык арыз менен кайрылып, ал канааттандырылган. Райондук соттун 2015-жылдын 8-сентябрындагы чечими Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен жокко чыгарылган.
Райондук прокуратура тарабынан 6 млн 577 миң сомдук 10 га жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишимин бузуу жана мамлекетке кайтаруу максатында прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, анын жыйынтыгы менен жер тилкеси кайра кайтарылган.
Сүрөт www