Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директорун коррупция боюнча кармады

Эрнест Сулайманбеков УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

УКМКнын кызматкерлери «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорун кармашты.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кармалган адам кол алдындагылардан акча өндүрүү үчүн коррупциялык схема түзгөн.


«Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан кезектеги мыйзамсыз түрдө 3-6 миң сом кармап калуу фактысы документтештирилген», - деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Эрнест Сулайманбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх