Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы азырынча көтөрүлбөйт

Социалдык фонд эмки жылы пенсияны көтөрүүнү убада кылууда

Кыргызстанда пенсия жашын көтөрүү азырынча пландала элек. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, пенсия реформасы пландалып жатат, бирок пенсия курагы азырынча көтөрүлбөйт.

«Биз өнүгүү стратегиясы менен жол картасын иштеп чыктык, бирок анда өзгөчө таң калтырган эч нерсе жок. Пенсия курагына жеткен адам көпкө документ чогултпай, паспорт менен келип, тезинен пенсияга арыз жазышын каалайбыз», - деди чиновник.

Алиев ошондой эле 2023-жылдын 1-январынан тарта пенсиянын жогорулашы күтүлүп жатканын билдирди.

Кудай буюрса, төлөмдөрдү жашоо минимумуна чейин жеткиребиз», - деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх