Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин делегациясы Сбербанктын иши менен таанышты

Акылбек Жапаровду орусиялык банктын жетекчиси Герман Греф чакырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы иш сапары менен Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү Россиянын Сбербанкынын ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Делегация Москванын Кутузовский проспектинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын кыдырып, Сберуниверситетинде, Хорошколада, Киберкоопсуздук борборуна жана Сколководогу Дата борборуна барды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн акыркы жетишкендиктерин көрсөтүштү. Тараптар ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эске салсак, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары президент, Сбербанктын башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен болду.

Сүрөт www

 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх