Чолпон-Атада Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилеринин жыйынына катышты
Конференцияга Орусия менен Венгриянын атайын кызматтарынын өкүлдөрү байкоочу катары катышты
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилеринин XXIV жыйынына катышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.
«Мамлекет башчысы иш-чарага байкоочу статусунда келген Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын, ошондой эле Россия жана Венгриянын атайын кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту», — деп айтылат УКМКнын маалыматында. «Конференцияда Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы террористтик ишмердүүлүк зоналарындагы учурдагы кырдаалдын контекстинде түрк мамлекеттеринде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо жаатындагы атайын кызматтардын актуалдуу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында, конференциянын катышуучулары Афганистандан жана Сириянын куралдуу кагылышуу зонасынан келип чыккан жана терроризмдин жана диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу террордук коркунучтарды локалдаштыруу боюнча жооп кайтаруу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин макулдашышты.
Түшүндүрүп кетели, түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын негизги милдети эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында жана атайын кызматтардын ишинин макулдашылган башка багыттарында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп саналат.
УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www