Бишкекте жол иштеринин алкагында дүкөндөр бузулат
Мэрия соода түйүндөрүнүн ээлерине кайтарылуучу кун тууралуу эскертүүлөр берилгенин билдирди
Бишкекте Маликов көчөсүнүн Алыбаевден Гагаринге чейинки бөлүгүндөгү жол оңдоо иштеринин жүрүшүндө дүкөндөр бузулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
«Иш «Бишкек жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында (2-фаза) КЭР грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө», - деп түшүндүрүштү шаардык мэрия. - Долбоор “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемеси тарабынан чыгарылып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн. Реконструкциялоо линиясынын астында башка объектилер менен бирге эки дүкөн да бузулууга тийиш. Бекитилген жолдун долбоорун өзгөртүүгө мүмкүн эмес, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жол куруу иштери иш жүзүндө 90%га аткарылган. Дүкөндөрдү бузуу мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www