­
Свердлов районунда жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Район башчысы иштин жүрүшү менен таанышты (фото) - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Свердлов районунда жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Район башчысы иштин жүрүшү менен таанышты (фото)

Свердлов районунун аймагындагы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө

Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун ичинде жол курулушунун жүрүшү менен таанышты.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов районунун аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Карский тилкесинде Артемовская көчөсүнөн Заречная көчөсүнө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Фирсов көчөсүндөгү Ортотокой көчөсүнөн Новостройский көчөсүнө чейинки жолду асфальттоо үчүн жол бордюрларын орнотуу жана негиздерин даярдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинин Үсөнбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) тротуарды оңдоо иштери аяктады.

Эми тургундар Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин жаңы тротуар менен баса алышат.

Кошумчалай кетсек, Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында учурда жолдорду капиталдык оңдоо иштери төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлүүдө:

- Гидростроитель көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин (Аламүдүн суусуна көпүрө куруу менен);
- Шабдан Баатыр проспектиси (Чүй проспектиси) Ауэзов көчөсүнөн Учкун конушунун аягына чейин.

 Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх