Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жарандар юридикалык жардам ала ала турган жаңы адилеттик үйлөрү пайда болот

Мындай үч мекеме буга чейин Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жатат

Юстиция министрлиги өлкөнүн алыскы аймактарынын тургундарына бардык зарыл юридикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган юстиция үйлөрүн куруп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында аталган башкармалыктын башчысы Аяз Баетов билдирди.

Ал 2021-жылы үч юстиция үйү эшигин ачканын эске салды. Алардын экөө Жалал-Абад облусунда – Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука айылында жана Талас облусунун Манас районунда жайгашкан.

Юстиция үйүндө калкты пробация кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар тейлейт.

Ошондой эле дагы үч юстиция үйүнүн курулушу жүрүп жатат:

- Ош облусунун Кара-Суу шаарында;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында;

- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх