Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик аял үйүнө 4 тонна таштанды топтоп алды (фото)

Таштандыларды тазалоо үчүн “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерин тартууга туура келди

Бишкекте Октябрь администрациясынын кызматкерлери РИИБ, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, үйдүн кожойкеси бир нече жылдан бери таштанды таштаган. Өз кезегинде кошуналар адам чыдагыс жыт боюнча көпкө чейин администрацияга арызданышкан.

 

Окуя болгон жерге барганда короо тиричилик таштандыларына толуп кеткени аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган.

«Санитардык нормаларды бузуунун ушул сыяктуу фактыларына жол берилбестиги боюнча үй ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деп белгилешти муниципалитет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх