Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мас адам рельске уктап кетип, поезд сүзүп кете жаздады (видео)

ПМКнын инспекторлору тарабынан кырсыктын алдын алынган

Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери темир жолдо адамдын өмүрүн сактап калган видео тарады.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмоновго кайрылды.

«Милиция кызматкерлери адамды сактап калуу жана кырсыктын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүштү», - деди ал. - Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда ПМКнын инспекторлору темир жолго жакын аймакты кыдырып чыгышкан. Жакындап келе жаткан поезддин алдында темир жол өтмөгү жабылганда, милиция жакын жерде рельстердин үстүндө бир адам жатканын байкаган. Ал жакка патрулчулар чуркап барып, адамды куткарууга чара көрүшкөн. Бактыга жараша баары жакшы болду, адам жабыркаган жок. Ал жөн эле көп ичип, рельстердин үстүндө уктап калган.

 

Ислам Жолдошов

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх