­
Бишкекте 11 кичи автобустук каттам мэриянын карамагына өттү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 11 кичи автобустук каттам мэриянын карамагына өттү

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимди бузган

Бишкек шаарында 11 кичи автобустук каттам “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын карамагына өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы Бишкек шаарындагы 11 маршруттук линияларды, тактап айтканда №102, 129, 133, 139, 143, 150, 161, 176, 179, 170 жана 11-линияларды тейлеген «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди бузган. 

Келишим токтотулган, анткени пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташуу ишин жүргүзүү укугун тастыктаган зарыл болгон документтер жок экендиги аныкталган. Компаниянын жеке ташуучудан жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиясы болгон эмес.

Алсак, “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык, тиешелүү уруксаты жок автотранспорт каражаттары менен коммерциялык ташууга тыюу салынат.

Лицензия эмне үчүн узартылбай калганын билүү үчүн департаменттин директору дароо жүк ташуучу компаниянын жетекчиси Б.Матисаковго телефон чалган. Бирок жеке фирманын жетекчисинен түшүнүктүү жооп келген жок. Бул «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимдик мамилени бир тараптуу токтотууга негиз болгон.

«11 кичи автобустук каттамдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жарандарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Транспорт департаменти сынак башталганга чейин аталган маршруттук линияларды «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасына убактылуу бекитүүгө мажбур», - деп айтылат мэриянын маалыматында. жыйынтыктады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх