Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бюджеттик ссудалар менен иштөө боюнча жобо бекитилди

Кабыл алынган документ чет өлкөлүк кредиторлор жана донорлор менен иштөө тартибин жөнгө салат

Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик ссудалар менен иштөө жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Мындай чечим бюджеттик кредиттөө процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, кабыл алынган документ республикалык бюджеттен, чет өлкөлүк кредиторлордун жана донорлордун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик ссудалар менен иштөө, ошондой эле лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салат.

Бюджеттик кредиттөөнүн өзүнүн максаттары экономиканын тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, инфраструктураны, калктын коомдук турмушун камсыздоо системасын жакшыртуу жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу болуп саналат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх