Жалал-Абад облусундагы Эгембердиев атындагы мектеп жаңы окуу жылына бүткөрүлөт деп убада кылынууда
Объекттин баасы 885 миң долларды түзөт
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш айылындагы З.Эгембердиев атындагы жаңы мектеп 86 пайызга курулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө подрядчы ички жасалгалоо, сырткы фасад жана жашылдандыруу иштерин бүтүрүп жатат.
Эске салсак, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга ылайыкталган мекеменин сметалык баасы 885 190 долларды түзүп, бекитилген иш графигине ылайык курулушту жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз