Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боом капчыгайында унаа кыймылы убактылуу токтотулду (видео)

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды убактылуу жолго чыкпоого чакырды

Боом капчыгайында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 140-141-чакырымдарында жана Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 151-153-чакырымдарында селдин кесепетинен унаалардын кыймылы убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


«Бул эки тилкеде унаалардын кыймылы убактылуу жабылды», — деп билдирди министрлик. - Тушкон селдин көлөмү такталууда, “Кыргызавтожол” МИнин кызматкерлери өзгөчө кырдаал болгон жерге атайын техникаларды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жогоруда аталган тилкелер аркылуу жүрүүдөн карманууну суранабыз.

"Короче" Telegram каналынан видео
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх