CNN: Кыргызстан улуттук суусундук кымызды жайылтуу менен туристтерди тартууну максат кылууда
Кыргызстан туристтерди кыргыздардын салттуу көчмөн жашоосу менен тааныштырат деп билдирет дүйнөлүк канал
Кыргызстан жергиликтүү калк ичип, ден соолукка пайдалуу делген бээнин ачытылган сүтү болгон улуттук суусундугун даңазалоо менен туристтерди тартууну максат кылууда. Бул тууралуу CNN эл аралык маалымат агенттиги билдирди. https://edition.cnn.com/travel/article/kyrgyzstan-kumis-fermented-milk-intl-hnk/index.html
Басылма белгилегендей, бул кадам көптөгөн өлкөлөрдө ачытылган жана пробиотикалык суусундуктарга болгон кызыгуунун өсүшүнө байланыштуу.
«Кыргыз маданияты үчүн кымыздын маанилүүлүгүн, Борбор Азиядагы мурдагы союздук республиканын борбору Бишкектин ачытылган сүт кайнатуучу калактын атынан аталып калганы далилдеп турат. Жарнамалык тасмалар жана фестивалдар аркылуу Кыргызстан туристтерди кыргыздын салттуу көчмөн жашоо образын көрүүгө, боз үйдө, жапжашыл тоо жайлоосунда сүт берүүчү жылкылардын үйүрүнүн жанында уктоого үндөп келет.
Туристтер боз үйлөрдө саамал деп аталган бээнин жаңы сүтүн да ичсе болот.
Меккеден келген турист Ибрагим аш-Шариф: «Кыргызстандагы досторубуздан саамал менен кымыз тууралуу уккандан кийин даамдап көрүүнү чечтик. Мен анын даамын айтып да бере албайм. Сауд Аравиясында мен кымызды салыштыра турган эч нерсе жок”.
Бээ саап алуу уй сааганга караганда алда канча кыйын жана адамдан малдын санын кучактап турууну талап кылат. Саан май айынын ортосунан июль айынын ортосуна чейин ишке ашат, бул учурда түнкү асманда Плеяд жылдыз тобунун пайда болушу анын бүтүшүнүн салттуу белгиси болуп саналат.
https://edition.cnn.com/travel/article/kyrgyzstan-kumis-fermented-milk-intl-hnk/index.html сайтынан алынды
Владимир Пироговдун фотосу/Рейтер