“Улуу көчмөндөрдүн мурасында” уставдык капиталды 7,1 миллиард сомго көбөйтүүнү көздөшүүдө
Улуттук холдинг кошумча 71 миллион акция чыгарууну пландаштырууда
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги уставдык капиталын 7,1 миллиард сомго көбөйтүү үчүн 71 миллион акция чыгарууну пландоодо. Кошумча эмиссия тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында пайда болду.
Мындай чечим акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынды. Ар бир акциянын номиналдык баасы 100 сомду түзөт.
Тактап айтканда, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Жалгыз уюштуруучусу Каржы министрлиги, директору Теңиз Бөлтүрүк.
Холдинг мамлекеттик үлүшү бар бардык тоо-кен компанияларын башкарат.
Алгач холдингдин уставдык капиталы 100 миллион сомду түзгөн. 2022-жылдын ичинде аны 1 миллиард сомго жеткирүү пландалган.
Сүрөт www