­
Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуусу болуп өттү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуусу болуп өттү

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар юридикалык жардам жана керектүү консультацияларды ала алышат

Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилери менен калктын жолугушуулары өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, жыйындарга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, ошондой эле тиешелүү министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар акысыз юридикалык жардам алуу жана керектүү кеңештерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эки райондун жашоочулары социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт аянтчаларын оңдоо, калкты ичүүчү таза суу, жер ресурстары менен камсыздоо зарылдыгын айтышты. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар берилген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх