­
Бишкектин жанында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны өттү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жанында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны өттү

Делегациялардын жолугушуусу ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын алкагында өттү

Бишкекке жакын жердеги УКМКнын окуу борборунда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

- Делегациялардын жолугушуусу ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын алкагында 1-2-август аралыгында өттү, деп билдирди министрлик. - Мындай жамааттык машыгуулар ЖККУнун жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иштердин зарылдыгын бирдиктүү түшүнүү жөнүндө күбөлөндүрөт. Жыйынга ЖККУга мүчө беш мамлекет: Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышты. Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысынын орун басары генерал-полковник Валерий Семереков да катышты.


УКМКнын басма сөз борбору
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх