Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боом капчыгайында бардык унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Кайрадан сел жүрдү

Жолчулар жолдун жээгин тазалоого киришти

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 134, 135-чакырымындагы Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, эки тилкеде жолду жаап калган.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин ГУБДБдан билдиришти.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайы аркылуу бардык унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди», - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы. - ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. ДЭПтин жол тазалоочулары сел жакын арада жоюларын, ал тазалангандан кийин каттамдын бул тилкесинде кыймыл жанданарын билдирүүдө. Учурда жер көчкүнү тазалоого бардык техникалык каражаттар тартылып, жолдун эки тарабында толук ылдамдыкта тазалоо иштери жүрүп жатат. Айдоочулардан жол кыймылынын убактылуу чектөөлөрүнө түшүнүү менен мамиле жасап, кабардар болушун, ошондой эле алыскы сапарларды алдын ала пландап алууну суранабыз.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх