Кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекенов АКШда джиу-джитсу боюнча өткөн турнирде алтын медаль тагынды
Уюштуруучулардын айтымында, бул турнирге 3300 спортчу катышкан
Кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекенов Калифорнияда (АКШ) джиу-джитсу боюнча World League турниринде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалды.
Уюштуруучулардын айтымында, бул турнирге 3300 спортчу катышкан. Абдылдабек Кекенов 76 килограммга чейинки салмакта эки категорияда күч сынашып, эки учурда тең алтын медаль тагынды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз