Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чикагодо Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Башкы консулдуктун консулдук округуна 31 мамлекет кирген

Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу иштей баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз элинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу түзүлдү.», - деп белгиледи Тышкы иштер министрлиги.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Башкы консулдук 8-августтан тарта 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610 дареги боюнча ишин баштады. Телефон: 3129942416, ишеним телефону: 3129293442. E-mail:Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..
Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/102985-v-chikago-nachalo-rabotat-generalnoe-konsulstvo-kyrgyzstana.html - В Чикаго начало работать Генеральное консульство Кыргызстана - VESTI.KG - Новости Кыргызстана


Башкы консулдуктун консулдук округуна 31 штат кирген: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана , Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

АКШда жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх