Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Дмитрий Бивол Бишкекке келди

Спортчу эс алуу үчүн эмес, жаңы жеңиштерге даярдануу үчүн келген

WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти.

Аэропортто прессанын суроолоруна жооп берип жатып, Бивол республикага визиттин максаты эс алуу эмес, алдыдагы титулду коргоого машыгуу жана даярдык көрүү экенин белгиледи.

«Мен кыргыз боксун өзгөчө деле байкабайм, анткени бардык көңүлүм машыгууда, лагердемин», - деди ал. «Бул жерде таланттуу балдар көп. Бирок ошончо акча, күч бокска жумшалбайт. Мен Кыргызстандагы материалдын өзү Өзбекстан же Казакстандан кем эмес деп эсептейм».

Биволдун айтымында, ал Кыргызстанга бешинчи жолу келип отурат.

«Менин балдарым да машыгуу сборунун биринде Кыргызстанды көрүшкөн», - деди мушкер. – Бир залда чогуу машыгып жүргөн Данияр досум кээде бокс боюнча, дегеле Кыргызстанда кандай жаңылыктар болуп жатканын айтып берет. Жергиликтүү мушкерлерден Рустамбек уулу Нурадин, Азат Үсөналиевди билем”.

Эске салсак, Дмитрий Бивол 9-августтан 28-августка чейин Тамгадагы машыгуу сборуна барат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх