Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2022-жылдын сентябрь-ноябрь айларында Куралдуу Күчтөрдүн катарынан запаска жана кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Тиешелүү документке мамлекет башчы кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык токтом кылынат:

- мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун;


- чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2022-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чыкырылсын.


Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх