Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо милиция кызматкерлери жашы жете элек иштеп жүргөндөрдү аныктоо боюнча рейд өткөрдү (фото)

Иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен эмгек келишимин түзүшкөн эмес

Каракол шаарында 8-9-август аралыгында «Өспүрүм-эмгек» рейддик иш-чарасы өтүп, ага шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Рейддин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жайлар жана башка жайлар текшерилип, аларда иштеген 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталды, деп белгилешти алар. - Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен эмгек келишимин түзүшкөн эмес. Бардык аныкталган фактылар боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген балдар эмгегин алдын алуу боюнча иш берүүчүлөргө катуу эскертүүлөр берилди.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх