Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет өлкөдөгү мекендештердин айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруунун тартиби

«Баардык салыктарды жана банктык жыйымдарды кошкондо айдоочулук күбөлүктүн баасы 561 сом»

Дипломатиялык мекемелерге айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу маселеси боюнча Кыргызстандан тышкары жашаган 2306 жаран кайрылса, анын ичинен 1881 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу ИИМдин Унаа мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
     
Мамлекеттик мекеме ушул жылдын 17-январынан тарта Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринде улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы башталганын эскертти.
     
«Жогорудагы документти калыбына келтирүүнү же алмаштырууну каалаган Кыргызстандын бардык жарандары жашаган жери боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрыла алышат», — деп айтылат билдирүүдө.
     
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн зарыл болгон документтер:
     
- жеке идентификациялык номур;
     
- белгиленген формадагы арыз (ошол эле жерде толтурулган);
     
- паспорт же жалпы паспорт;
     
- мамлекеттик же расмий тилде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн консулдук легалдаштыруу белгиси менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси тарабынан өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык тест, психикалык ден соолук, көрүү тести);
     
- улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүк (жоголгон учурда берилбейт);
     
- айдоочуларды даярдоо курстарын аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк;
     
- айдоочуларды даярдоону жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгү.
     
6-7-пункттарда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда "Автотранспорт" мамлекеттик мекемеси аларды маалыматтык базага киргизүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду өз алдынча жүргүзөт.
     
«Баардык салыктарды жана банктык жыйымдарды кошкондо айдоочулук күбөлүктүн баасы 561 сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.
     
Унаа мекемеси айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн кайрылган бейтааныш адамдардан алыс болууга, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен түз байланышып, документти расмий каттам аркылуу алууга чакырды.
     
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх