Сооронбай Жээнбековдун мурдагы жардамчысы президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду
Эрнист Толтоев президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
«Данияр Жаныкулов башка ишке которулуп, анын ордуна Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары болуп Эрнист Толтоев дайындалды», - деп белгилешти алар. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Тактап кетсек, Эрнист Толтоев 2016-жылдан бери премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп, кийин мамлекет башчы болуп келген.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз