Кыргызстандыктар Ислам тилектештик оюндарынын ачылыш аземине катышты (фото)
Мелдештер Түркияда өткөрүлөт
Кыргызстандыктар Ислам тилектештик оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
«Оюндардын ачылышы Түркияда - Конья шаарында өттү», - деп билдирди басма сөз кызматы. «Катышуучу өлкөлөрдүн парадында Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азисбеков жана спортчу Айнуска Калил кызы көтөрүп чыгышты.
Министрликтин маалыматына караганда, оюндардын ачылышында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышуучуларды жана конокторду куттуктады.
Салтанатка Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Алжирдин премьер-министри Айман Бенабдеррахман, Палестинанын премьер-министри Мохаммед Штайе жана башка жогорку даражалуу коноктор да катышты», — деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. - Иш-чара башталаар алдында Түркиянын согуштук учактары Конья муниципалдык стадионунун үстүнөн демонстрациялык учууларды жасады. Андан соң Швециядан келген ырчы Махер Зайндын концерттик программасы тартууланды.
Эске салсак, Ислам тилектештик оюндарына Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына 158 адам кирген. Алардын арасында 112 спортчу бар, алар спорттун 16 түрү боюнча күч сынашат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
Сүрөт www