Алты айда мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 347,5 миллион доллар которгон
Ал эми өлкөдөн сыртка 361,7 миллион долларды түздү
Алты айда мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 347,5 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
«2022-жылдын июнь айында Кыргызстанга которулган каражат 317,2 миллион долларды түздү», - деп билдирди каржы институту. -Жалпысынан январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулган. Анын 1 миллиард 284 миллион доллары (97 пайыздан ашыгы) Россиянын үлүшүнө туура келет. Башка мамлекеттерден 28,89 миллион доллар алынган. Бул мезгилде республикадан акча каражаттарынын агылып чыгышы 361,7 млн долларды түздү».
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз