Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садык Шер-Нияз Франциянын «Финантреп Аспир» компаниясынын жетекчиси Ноэль Касабянка менен жолугушту

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти

Жакында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз француздук Финантреп Аспир компаниясынын жетекчиси, Кыргыз-Франция бизнес ассоциациясынын президенти Ноэль Касабянка менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, бизнести мамлекеттик колдоо чараларына токтолду. Ал ошондой эле агробизнес, энергетика, шарап өндүрүү, жашыл технологиялар жана туризм сыяктуу түрдүү тармактарда эки тараптуу соода-экономикалык өнөктөштүктү диверсификациялоо боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.

Француз тараптын кызыгуусун элчиликтин үстүбүздөгү жылы Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу сунушу пайда болду, анын платформасы эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык мамилелерди түзүүнүн негизги куралы болуп калат.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти, ошондой эле бизнес-форумдун техникалык жана финансылык аспектилерин андан ары талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.

ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх